ЭЛДИК КАБАР: Москвада кыргыз улутундагы жаранды 25 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендирип, камап коюшту

Өзүн Жазира деп тааныштырган окурман бүгүн, 5-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына байланышып, агасын учканга камынып жатканда аэропорттон кармап, камап коюшканын айтты. 
Анын айтымында, окуя Домодедово аэропортунда болгон. Каттоо башталар алдында ага "25 миң рубль өлчөмүндө административдик айып пул төлөшүң керек" деп айтып, камап коюшкан. "Агам 2009-жылдан бери Орусияга бир нече ирет келип иштеген. Орусиянын жараны. Бирок кандай мыйзам бузганы азырынча такталбай жатат. Биз мындай акчаны таба албай жатабыз",- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
alik.1982
2015-04-05 19:03:50
эмне учун толойсун айткан жокбу себебин жон эле откорбой койбосо керек кредити же башка бир себеби бар болсо керек паспорту рф болсо
0
nurik2103
2015-04-05 19:24:29
Закон бузгандырда россиянын гражданствосу болсо жондон жон кармайбы
+2
World_of_tanks
2015-04-05 19:56:10
Менин айтарым сизге жакшылап ойлоп корунузчу балким телефон же болбосо жана башка буюм тайм алган эмесизби кредитке же болбосо бироого паспортунузду берген эмесизби иштегенге балким ошол адамдар кредит алгандыр себеби копчулук азыр паспортун бироого берип алар ай сайын 100$ 200$ га беришет.
0
Danel
2015-04-05 20:46:58
Кыргыз улутундагы,орус жараны болуп жазылса керек эле.Эмнеге кармаганын айтпады дейт андай болбойтда кредити болсо керек100%
+1
bakyt_2015
2015-04-05 21:01:46
Айып акча эмнеге салынганын кантип айтпасын.Жон эле 25мин толойсун деп койушу мумкун эмес го.
+1
Taku.14.02
2015-04-05 21:53:15
Водитель болсо керек автобустун линиясына отсо ар бир отконун 3000 штраф тура
+1
admin_portal
2015-04-06 11:53:38
bolot00 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан