12-февралдан 15-февралга чейин КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери тарабынан өлкөнүн бардык облустарында жыйындар өткөрүлүп жатат. Анда, 2012-2014-жылдарда калкты социалдык жактан камсыздандыруу боюнча өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу талкууланууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 12-февралда министрликтин статс-катчысы Бактыбек Жекшенов Бишкек шаардык мэриясында жыйын өткөрүп, ага Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айгүл Усубакунова, райондук башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, шаардык жана райондук социалдык кызматтарынын жетекчилери катышты. Жыйын учурунда мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүү, жатак-үйлөрдөгү тамак-аш нормаларын жогорулатуу маселелери талкууланды. Ошондой эле Бишкекте селсаяктар үчүн республикалык маанидеги борбор ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.