ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте жол тазалаган жаран кол арабасы жүрбөй калса да жумушун кылып жүрөт

Шабдан баатыр көчөсүндө жол шыпырып жүргөн жарандын кол арабасынын дөңгөлөгү иштен чыгып калган. Бирок ал буга карабай жол шыпырып, жумушун аткарып жүрөт. Бул көрүнүш боюнча маалыматты 5-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына байланышкан окурман билдирди.    

Окурман "шаардык мэрия жол шыпырып иштегендерге жакшынакай эле араба сатып берип койсо болмок" деген оюн айтты. 


Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
edu.kg.
2015-04-06 13:41:26
Элдик кабар деген нерсени жакшы чыгарган окшойсунар э. Жакшы. Баарынан кабардар болуп турат экенбиз.
+4
beka1207
2015-04-06 14:27:47
Арабага деген акча аткаминерлердин унаасынын донгологуно жумшалса керек
+4
Sarabanda
2015-04-06 15:56:20
Эх..жашоо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан