Кыргызстанда бир жылда тамеки чегүүдөн пайда болгон ооруларды дарылоого 18 миллиард сом жумшалат

Кыргызстанда бир жылда тамеки чегүүдөн пайда болгон ооруларды дарылоого 18 миллиард 870 миллион сом сарптайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин чылым чегүүгө каршы күрөшүү боюнча улуттук координатору Чынара Бекбасарова маалымдады. “Дарылоого мамлекет тарабынан жумшалып жаткан чыгымдарды жабуусу үчүн тамеки чыгаруучу ишканалар мамлекетке чыпкалуу тамекинин ар бир 1000 даанасынан 5 сомдон жана чыпкасы жок ар бир 1000 даана тамекиден 3 сомдон төлөп турушу керек",- деди Бекбасарова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан