Бүгүнкү күндө өлкө боюнча башка мамлекеттерде болгон согуштарга катышып келген 6003 согуш ардагерлери бар, алардын ичинен 145 ардагер согуштан ар кандай жаракаттарды алган майыптар. Бул маалыматты КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, Ооган согушунун ардагерлерине ай сайын 6 миң сом, ал эми майып ардагерлерге 7 миң сомдон компенсация берилет. Мындан сырткары согуш учурунда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө ай сайын 1000 сомдон берилип турат. Бул социалдык жардам республикалык бюджеттен бөлүнөт.