Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилинен сабак алышты

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүү боюнча семинар-тренинг өткөрүштү. Ага Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунун жана Токмок шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери катышышты. Семинар Окуу-маалымат борборунун тажрыйбалуу усулчулары тарабынан иштелип чыккан иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүүчү заманбап окуу куралдарын жана электрондук окуу каражаттарын колдонуу менен өттү. 

3 күндүк окуунун натыйжасында бир топ маанилүү маалыматтарга ээ болгон катышуучулар окутуучуларга ыраазычылыгын билдирүү менен бирге семинар-тренингдин саатын көбөйтүүнү сунушташты. Соңунда алган билимдерин текшерүү жана баалоо максатында тест жүргүзүлүп, 75 катышуучуга тастыктама тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан