15-февралда Нарын шаарында Ооган согушунун ардагерлерин эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Ага шаардын мэри Баатырбек Жээналиев, тийиштүү мекемелердин жетекчилери, ардагерлер жана шаар тургундары катышты. Алгач шаардагы Ж.Акималиев атындагы сейил бакта Ооган согушунда курман болгондордун эстелигине гүл коюу аземи болду. Андан соң шаардын мэри сөз сүйлөп, Ооган согушуна Нарын шаарынан 90 жоокер аттанганын айтып, аларга ыраазычылык билдирди. Анан аталган согушта курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулду. Ошондой эле согуштун 50 ардагерине 1000 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.