Бишкектеги жол кырсыгынан жабыркаган жаран оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу окурман 6-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Жабырлануучунун инисимин" деген окурмандын айтымында, жол кырсыгы 4-апрель күнү саат 20:30 чамасында "Кудайбергенде" болгон. Анда Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу агасын сүзүп кеткен.
“Агамды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу аял киши болгон. Ал мас абалында унааны башкарып бара жаткан. Агам денесинен жараат алып ооруканага жеткирилген. Учурда ага операция жасалды. Дарыгерлер анын абалы оор экенин айтышууда”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.