"3-октябрда "Кумтөр" боюнча өткөн митингде бийликти басып алуу планы болгон эмес". Мындай билдирүүнү бүгүн, 15-февралда "ата журтчу" 3 депутат боюнча өтүп жаткан сотто кошумча күбө катары суралган коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков билдирди. Айтымында, бул митингде “Кумтөр” кенин улутташтыруудан башка маселе көтөрүлгөн эмес. “Митингде чагымчылар болду, алар митингде менин айланамда жүрүп, “буларга көрсөтөбүз” дегинин да уктум”,- деди Талгарбеков.