Жалал-Абадда жаштар тамак-аштан уулануудан сактанууга чакырып, иш-чара өткөрүштү

7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында “Коопсуз тамак-аш” деген ураан менен шаардын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан иш-чара уюштурулду.

Мэриядан кабарлашкандай, бул иш-чараны уюштуруунун негизги максаты - бүгүнкү күндө коомду сапаттуу жана экологиялык тамак-аш продукцияларын өндүрүүгө жана тамак-аштан уулануудан сактанууга чакыруу. Анда Жалал-Абад шаарындагы Медициналык колледж, Маданият техникуму жана шаардагы мектептин алдынкы окуучулары өздөрүнүн “Коопсуз тамак-аш” деген ураанга карата көргөзмө куралдары менен шаардын Ленин көчөсүнөн баштап Нагима Айтматова жана Бакиев көчөлөрүндө жөө жүрүш өткөрүштү. Аларды Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери жана "Тез жардам" машиналары коштоп жүрүштү. Жыйынтыгында “Коопсуз
тамак-аш” деген ураанга карата студенттер жана окуучулар тарабынан даярдалган көргөзмө куралдарга Жалал-Абад шаардык мэриясынын дипломдору тапшырылды. Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумунун студенттери эң жакшы таза тамактануу боюнча даярдаган көргөзмө куралы үчүн шаардык мэриянын 1-даражадагы диплому менен сыйланышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mira28
2015-04-07 10:47:24
Тамагынан курт чыккан кафенин алдына баруу керек эле да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан