Бүгүн, 7-апрелде "Ала-Тоо" аянтында 200гө чукул Апрель баатыры чогулду. Чогулгандар алгач 2010-жылы Апрель окуясында көз жумгандарга багыштап куран окушту. Митинг Манастын эстелигинин алдында уланып жатат. Маалым болгондой, бүгүн бул митингге 2700 адам чакырылган. Ал эми өкмөттөн 14 өкүл келип, 5 жылда аткарган иштери боюнча отчёт беришет.
Тынч митингдин жүрүшүндө кайчылаш пикирдегилер бар экени байкалууда. Учурдагы бийликти жамандагандар менен бул бийликти колдогондордун өз ара кыйкырышкан учурлары да катталып жатат.