Ош. Окуучулардын арасында Апрель элдик революциясы боюнча талкуулар уюштурулууда

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептерде 2005-жылдагы Март революциясынын 10 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына карата тарбиялык мааниси бар иш-чаралар өтүүдө.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда ар бир класстын окуучуларына тарбиялык сааттар өтүлүп, 7-апрелде каза болгондорду эскерүү кечелери уюштурулду. Ошондой эле Апрель окуясын камтыган видеотүрмөктөр көрсөтүлүп, окуучулар арасында мамлекетке чын дилден кызмат кылуу идеясын камтыган талкуулар болууда. 

Элдик революциялар боюнча мектеп окуучулары үчүн иш-чараларды уюштуруунун негизги максатын Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов төмөнкүчө түшүндүрдү: “Кыргыз эли кандай себептер менен көтөрүлүшкө чыккандыгы жана анын жыйынтыктары менен эмнеге жетише алгандыгы жөнүндө окуучуларыбызга маалымат берип, аларды эл-жери үчүн ак кызмат кылууга, өз элинин жакшы жашоосу үчүн күрөшкөн инсан болууга тарбиялоо болуп саналат”.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан