Аксы районуна караштуу Дардак-Дөбө айылында жамгыр жааган сайын сел жүрүп, жолдор бузулуп жатат. Бул тууралуу окурман 7-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, селдин айынан арыктар да бузулуп, суу келбей калган. Мындан улам сууну 2 чакырым алыстыктан ташып ичүүгө аргасыз болушууда.
“Быйыл сугат суу алып келебиз дешкен, бирок анын качан келери белгисиз. Жалаң эшек менен суу ташыйбыз”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.