Бүгүн, 15-февралда Орусиянын бир катар облустарына метеорит учкундары түштү. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жарыялоодо. Толук тактала элек маалыматтар боюнча, кырсыктан жабырлануучулар бар жана жүздөгөн үйлөрдүн, имараттардын терезелери талкаланды. Ошондой эле айнек сыныктарынын чачырандыларынан жабыркаган ондогон жарандар ооруканага жеткирилгендиги кабарланууда. Кырсык Бишкек убактысы менен саат 9:23 чамасында катталып, метеорит учкундары Орусиянын Тюмень, Курган, Свердлов, Челябинск облустарына жана Башкортостан менен Казакстандын Костанай аймагына түштү. Орусиялык атайын кызматтары көлөмдүү метеорит атмосферанын жогорку катмарында чачырап жарылганын болжолдошууда. Ал эми окуянын күбөлөрү асмандан бир нече секунд аралыгында жаркыраган затты көрүшкөнүн, жашыл жарык чачыраткан ал зат артынан узун из калтырып барып, катуу жарылгандай үн менен коштолуп жерге кулагандыгын айтышты. Учурда метеориттин кулаган так даректери, жабыркагандарды тактоо иштери жүрүп жатат. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев бул окуяны Жер планетасынын жетиштүү деңгээлде корголбогонунун далили деп атады.
кошулду
Челябинскте метеорит калдыктары түштү (окуянын күбөлөрү тартып алган видео)