Кара-Суу районунун экс-акими Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Ош облустук сотунан билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөөчүсү сотко Тилек Матраимовду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Ош шаардык сотунун 26-апрелдеги токтомунун негизинде тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылып, Матраимовго карата мурда камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы 26-июнга чейин үй камагына алмаштырылган.
Эске салсак, УКМК 26-мартта Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду жана анын үч бир тууганы – Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдорду Азербайжандан экстрадициялаган.