Токтогул районунун борборунан Толук айылына чейин 7 жылдан бери жүргүнчү ташып иштеген Курманбек Масылбаев SUPER.KG порталына маек куруп, жолдо бир топ көйгөй бар экенин белгиледи.
Анын айтымында, бул жактагы жол маселеси жайында да, кышында да курч бойдон кала берет. Мисалы, район борборунан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан Толук айылына баруу үчүн 4 белди ашып өтүү керек. Кышкысын тоо аралай салынган жолго кар калың жаап, көчкү түшүп, бир топ кыйынчылык жаратат. Айылга жетүү үчүн жүргүнчүлөр 4-5 саатын кенен коротушат. Айдоочу 110 чакырым жолду 3 гана унаа тазалай турганын айтып, алар жолду иретке келтиргенге жетишпей калса же унаа тыгылып калса, көчкү алдында калуу коркунучу бар экенин кошумчалады.
“Таякем ашууда баратып кар көчкү астында калган. Жетип барсак, эсин жоготуп жаткан экен. Жасалма дем алдырып, аман алып калганбыз. Жолдо эмнелер гана болбойт, бензин түгөнөт, унаа бузулат, ар түрдүү кырдаалдарга туш келесиң. Айылдан же Токтогулдан күйүүчү май келгенче 3-4 сааттап күтөсүң. Ал эми айылдагы келиндердин төрөтү өзүнчө кеп. Мындан эки жыл мурун тааныштарым толгоосу келип калган келинди Токтогулга алып бара жатканда жолго кар көчкү түшөт. Кайра жарым жолдон артка кайтышып, келин айылдагы эмканага жетип-жетпей төрөп койгон. Көбүнчө төрөтү оор келиндерди Токтогулга жөнөтүшөт. Кээде Толукка келе жаткан коноктор ашууга тыгылып, таңды күтүшөт. Ал жактан телефон байланышы да тартпайт.
Өкмөт ушул жолдорубузду оңдоп, жок дегенде шагыл төгүп берсе жакшы болмок. Союздан кийин жетим балага окшоп каралбай калдык. Бийлик өкүлдөрү алыскы айылдарга деле келишпейт экен. Эл да өзү менен өзү болуп калган”,- деди айдоочу нааразычылыгын жашырбай.