Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Ош шаарында жамгырдан улам сел жүрдү

Ош шаарында жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-апрелде саат 18:00 чамасында Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бир катар турак үйлөргө, социалдык мекемелердин имаратына суу кирген. Жалпысынан “166” диспетчердик кызматына 44 кайрылуу болгон. Алардын 22си жеке турак үйлөр, көп кабаттуу үйлөр - 18, социалдык объектилер - 3, көпүрө боюнча 1 кайрылуу түшкөн. 50дөн ашык куткаруучу сууларды сордуруу иштери менен алек болду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан