Нарын суусуна түшүп кеткен аял изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1974-жылы туулган Назгүл Дамбылдаева Нарын районунун Ак-Булуң айылындагы асма көпүрөдөн Нарын суусуна түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, издөө иштерин жүргүзүштү. Бирок натыйжа болгон жок.