Лейлек районунда селден улам келтирилген чыгым эсептелүүдө

Лейлек районунда селден улам келтирилген чыгым эсептелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, сел суулары 6 музоону агызып, 40 турак үйдүн чарбалык бактарына суу кирген. Ошондой эле 1 турак үйдүн жарымы урап, ички чарбалык жолдор бузулган. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Айта кетсек, 6-апрель күнү саат 17:30 чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдан Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылы менен Чоюнчу айылынын ортосундагы Каргалуу-Сай жана Жар-Кыштак айылынын Туура-Сайынан сел жүргөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан