Кечээ, 7-апрель күнү Карл Маркс жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп бараткан жеринен 6-автобустун дөңгөлөгү чыгып кетти. Бул тууралуу окурман 8-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, чыгып кеткен дөңгөлөк токтоп турган унаага тийген.
“Сегиз бураманын экөөсү гана кармап жүргөн. Дагы жакшы, андан эч ким жабыркаган жок. Эгер катуу келе жатканда чыгып кетип аварияга учураса эмне болот эле? Деги автобустар техникалык кароодон өтөбү? Кытайдын араң жан автобустары болсо, аны да карабай айдаса, жүргүнчүлөргө жана шаар тургундарына кооптуу да”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.