Эшек этине байланышкан чуу өлкөдө туризмден келчү пайданы солгундатып коюшу мүмкүн

Эшек этине байланышкан ызы-чуу кыргыз жергесиндеги туризм тармагына өз таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде маалымат жыйынында “Жибек жол” туризм ассоциациясынын президенти Владимир Комиссаров билдирди. Анын айтымында, кыргыз жергесинин туризм тармагынын 70 пайызын Ысык-Көл облусу түзөт. Казакстандык өнөктөштөр “казак жарандары Ысык-Көлгө жолдомону мурункудай көп албай калышты” деп жазып жатышат. 

“Өзүңүздөр билесиздер, туризм тармагында атаандашуу өтө курч турат. Казакстанда өздөрүнүн ар кандай курорттору бар, алар, албетте, биздин Ысык-Көлгө жетпейт. Бирок түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып калуулары мүмкүн. Эшектин эти менен болгон ызы-чуу кыргыз өлкөсүндөгү быйылкы жылдын туризмдеги кирешесин солгундатып коюшу дагы толук ыктымал. Бул маселени кандайдыр бир жол менен чечиш керек. Анан кээ бир массалык маалымат каражаттары эшек этине байланыштуу тема боюнча болбогон нерселерди жазып уу-дуу кылышууда. Алардан суранат элем, факты боюнча гана жазышсын, бул нерсе өзүбүздүн эл үчүн эле зыянын тийгизет”,- деди Комиссаров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
uulay
2015-04-08 12:35:34
Башка олконун былыктары ич-ара эле чечилип,дуйного тарабайт биздикине окшоп..Уяласын,намыстанасын...
0
kubat_1973
2015-04-08 12:40:58
Тобоо Эми мунусу эмне деп келжиреп атат туризмге зыяны тиет деп ызы чуу чыгарбай эшек этин жейлиби ничего ни подобного келбесе койсун туристтерин.Ошол ызы чуу кылып коомчулукка чыгарып ошолорду соттош керек понимаешь Комиссаров мырза.Эс алууга келген казактар эшек этин жеп калса коросун ошондо ызы чууну.
+5
temirov76
2015-04-08 13:15:28
kubat_1973, брат сиз райкомдун секретары болуп кеткенсизго э хе хе
0
girlzat
2015-04-08 12:47:44
Ошол туризмдин бизге кыпындайда пайдасы жок,оздорунун чонтогуно эле тушот,ушул кунго чейин уга элекмин туризмге пайда тушуп кыргыз эли байып кетиптир дегенди,фактыларды кандай болсо ошондой кылып элге корсотуп атат ашырып жашырбай эле.журналисты молодцы работает,не оскарблять их
-1
Nurmuhammad
2015-04-08 12:48:05
Эшектин эти деп ызычуу болгондорго айтат элем туура эшектин эти харам андан жийиркенип намыстанып жатасынар?!
А чочконун эти эшектен кандай айырмасы бар?
Канча чочколор союлуп желип жатат,ошол эле орустарын чочконун этин жешет.
А арактыкычы алардын маселеси неге мынчалык которулбойт.?!
-1
temirov76
2015-04-08 13:21:37
Nurmuhammad, азаматсын иним сенин созунду кош колдоп колдойм,эн туура айтыпсын эшек эти м/н арактын айырмасы не же Ысык-Колдо арак сатылбайбы?
-1
Zarema94
2015-04-08 13:11:30
Башкаларга зыяны тийбесе, Колдук туугандарга тиет.
-1
zhykyo
2015-04-08 13:51:37
Болбогон нерсени суйлобочу Владимир. Как будто Кыргызстанда эле эшек союлуп жаткансып
+1
bom.bon
2015-04-08 14:55:02
Эшектин эти арам меенети алал,пайдасы тийсе тиет зыяны жок мына ушуга ич куйот!
0
make2
2015-04-09 00:46:54
эшек бизнесмендерди жазалашпайбы камасын баарын строгий режим менен, башка элдер уксун ошондо тынчыйт, камалдыбы эме болду супер ошол жөнүндө маалымат жазсаңар
+1
admin_portal
2015-04-09 11:50:12
make2, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
chynara77
2015-04-09 11:20:25
kubat_1973 Базарбай го)))))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан