Талас. Герцен атындагы музей облустун сыймыгы (Фоторепортаж)

Теодор Герцен атындагы сүрөт музейинин директору “Супер-Инфонун” Талас облустук өкүлчүлүгүнө чалып, 7-ноябрда музейге Германиядан 6 турист келип-кеткенин кабарлады. Республикага белгилүү музей тууралуу  фоторепортаж жасап, окурмандарга сунуштоо тилегибиз болгондуктан, бул ирет убакыт таап жөнөп калдык. Алгачкы музей 1959-жылы Ленинполь районунун (Бакай-Ата) Орловка айылында (азыркы Ак-Дөбө) сүт товар ферманын 1 бөлмөсүндө ачылган. Анда Теодор Герцен өзүнүн жолун жолдогон уулу Теодор менен иштей баштайт. Кийин музей эски мектептин имаратына көчөт. Азыркы музейдин имараты 1989-жылы бүтүп, колдонууга берилген. Музейде бардыгы болуп 480 сүрөт жана түрдүү айкелдер, тарыхый казууларда табылган буюмдар да бар. Теодор Герцендин өзүнүн жана уулу Теодордун эмгектеринен тышкары музейде мурунку СССРге кирген 15 республиканын кыл сүрөтчүлөрүнүн айрым эмгектери да орун табышкан. Айта кетчү нерсе, “Манас” эпосундагы иллюстрацияларды Герцен Теодор Теодорович (1935-жылы туулуп, 2003-жылы көз жумган) тарткан. Музейдин 2002-жылдан берки директору, сүрөтчү Мүзүр Дүйшөнов: “Музейге 1 жыл ичинде болжол менен 2500-3000дей адамдар келет. Алардын ичинде өзүбүздүн өлкөнүн ар облусунан келгендери, алыскы чет өлкөдөн келгендери да бар. Мисалы, жакында эле Япониядан, Австралиядан келишсе, кечээ Германиядан 5 турист келип кетти. Бул биз үчүн сыймык. Музейди жана андагы кызматкерлерди жергиликтүү айыл өкмөтү каржылайт”,- деген маалыматты кошумчалады.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан