Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери кезектеги рейддин жүрүшүндө Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан Улуттук онкология борборунун аймагындагы эреже бузууну аныкташкан. Мэриядан кабарлашкандай, бул жайда курулуш материалдары иретсиз коюлуп, курулуштан чыккан таштандылар тиешелүү жайга жеткирилген эмес.
Натыйжада аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан курулуш жетекчисинин атына протокол түзүлүп, ал Райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.