Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушунда Ленин райондук администрациясынын колдоосу менен балдардын чыгармачылык борбору ачылды. Бул жерде балдарга шахмат, тогуз коргол, футбол, сүрөт өнөрү, комуз жана бий боюнча акысыз окуулар өткөрүлөт. Сабактарды кесипкөй мугалимдер өтүшмөкчү. Аталган борбордун түзүлгөнүнүн максаты - жаш балдарды кылмыштуулук чөйрөсүнөн алыс кармап, алардын чыгармачылыкка болгон кызыкчылыктарын өстүрүү экенин билдирет Бишкек мэриясы.