Камчыбек Ташиев: “Кумтөр" боюнча өткөн митингде бийлик тарабынан чагымчылдык жасалган”

3-октябрдагы “Кумтөр” кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингде бийлик митинг өткөрүүчүлөргө карата чагымчылдык жасаган. Бул тууралуу 15-февралда Биринчи Май райондук сотунда айыпталуучу депутат Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү сот процессинде 5 айдан бери такталбай жүргөн маселе далилденди. “Биз ошол митингдеги элдин колунда таш болбогонун айтып жана ал таштардын кайдан пайда болгондугун иликтеп келебиз. Демек, бизге бийлик чагымчылдык уюштурушкан”,- деди депутат. Айта кетсек, сотто сурак берген күбөлөр элдин колунда таш болбогонун айтышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан