ЭЛДИК КАБАР: Бишкектеги көчөдө "лежачий полицейскийлер" толук бүтпөй, унаалар каршы тилкеге чыгышууда

Бишкектин Бах көчөсүндө адамдардын коопсуздугу үчүн орнотулган жасалма дөңчөлөр ("лежачий полицейский") толук бүткөн эмес. Бул тууралуу окурман 8-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, мындан улам ылдамдыкты азайтпаш үчүн айдоочулар каршы тилкеге чыгышууда. "Бул дөңчөлөр жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн салынган, анткени алар адам өтчү "зебраны" эки жагынан тосуп турат. Бирок айдоочулар каршы тилкеде эч ким жок экенин байкап, ылдамдыкты токтотпой, жасалма дөңчөлөр салынбаган тилкеге чыгышууда. Бул райондо мектеп бар. Окуучулар "зебра" аркылуу чуркап өтүшөт. Ушу бойдон кала берсе, кырсык орун алышы мүмкүн. Ошондуктан тиешелүү мекемелерге дөңчөлөрдү толук салууну сунуштаар элем",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sabyr1977
2015-04-09 00:36:11
Чондорубуз ушу дончонунда жарым акчасын жеп койгону корунуп турат.
0
aslan_akjol89
2015-04-10 08:15:24
Ооба,кечээ эле оттум байкем менен,ал дагы айланып отту:-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан