Орусияда чет өлкөлүк жарандар үчүн орус тили, Орусиянын тарыхы жана мыйзамы боюнча сынак татаалдаштырылат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Орусиянын тарыхы жана мыйзамы боюнча тесттерге 5 ачык суроо кошулмакчы. Ал эми жооптордун варианттары менен берилген суроолор дагы 100гө көбөймөкчү. Мигранттарга сынакты тапшырууга убакыт 2,5 саатка узартылат. "Болжол менен татаалдашкан сынак 2015-жылдын 1-июлунан тарта иштей баштайт. Орусиянын тарыхы боюнча "2014-жылдын мартында кайсы республика Орусиянын курамына кирген?", "Улуу Ата Мекендик согушта ким Советтер Союзун башкарган?" деген сыяктуу жаңы суроолор кошулат",- деп маалымдашты басылмалар.
Айта кетсек, быйылкы жылдын башынан бери Орусияда мигранттар сынак тапшыра башташкан. Жалпысынан 440 миң адам комплекстүү экзамен тапшырып, алардын 95 пайызы тиешелүү сертификатты алган.
Ошондой эле Орусиядагы кыргыз мигранттарды Орусиянын тарыхы жана орус тили боюнча сынактан бошотуу маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Буга мекендештердин сынак тапшырууда кыйналып жаткандыгы себеп болгон.