Бишкектеги Ботаникалык сейил бакта санитардык эрежелер сакталбай жатат. Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери рейддин жүрүшүндө аталган жайда эреже бузууну жана таштанды туш келди ташталганын аныкташкан. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде мэриядан кабарлашты.
Жыйынтыгында аталган сейил бактын директорунун атына протокол түзүлүп, ал Райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.