2013-жылы Кыргызстан эл аралык туристтик көргөзмөлөргө катышат. Бул тууралуу 15-февралда журналисттер менен болгон жолугушууда КРнын Маданият жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин башчысы Данияр Казаков билдирди. Айтымында, туристтик көргөзмөлөр Москва, Екатеринбург, Новосибирск жана Алматы шаарларында өтөт.
Мындан сырткары, аталган департамент чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтар менен жигердүү иштешүү, 2013-жылы чет мамлекеттердин маалымат булактары аркылуу жарнама-маалыматтык үгүттөө иштерин уюштурууну пландоодо. Ошондой эле жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык “Ысык-Көл-2013” жарманкесин өткөрүү да каралып жатканын айтты Казаков.