Бишкек шаарында 34 жаштагы айым төрт эм төрөдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма
сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, төрт эм эркек балдар 9-апрель күнү эртең мененки
саат 10:40та Балдарды жана энелерди коргоо боюнча улуттук борборунда жарык
дүйнөгө келишкен. Аман-эсен көз жарган айым 34 жашта, азыр анын ден
соолугу жакшы. Ал интенсивдүү палатага которулуп, керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Наристелердин салмагы 1 килограмм
770 грамм, 2 килограмм 80 грамм, 2 килограмм 591 грамм, 2 килограмм 270 граммды түзөт. 4 эмди жарыкка алып келген эненин булардан башка 3 баласы бар. Эми ал 7 баланын апасы болуп калды.