Жогорку билимдүү жоокерлер бир катар даярдыктардан өтүшүүдө

6-апрелден 8-майга чейин КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Күжүрмөн даярдоо борборунда жогорку билими бар, 11 ай мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндөр үчүн бир айлык жыйын өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан билдиришти.

Маалым болгондой, Башкы штабдын, Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын 66 аскер кызматкери ок атуу даярдыгы, тактикалык даярдык, техникалык жана дене тарбия даярдыктары боюнча билимдерин өркүндөтүшөт. Жыйын катышуучулардын алган билимдерин теорияда жана практикада сындан өткөрүү, экзамендерди тапшыруу, Макаров тапанчасы менен Калашников автоматынан Ала-Тоо окуу борборунда ок атуусу менен жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан