Ысык-Кɵл облусунда судьялар үчүн семинар өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки күндүк семинардын жүрүшүндө судьялар ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндөгү иштерди кароо өзгөчөлүктөрү менен тааныша алышат. Семинарга жалпысынан 19 судья катышууда.