Индиянын Жайпур шаарында өткөн үлпөт тойдо колукту оор салмактагы штанга көтөрүп, турникке тартылган видео социалдык тармактарга тарады.
Чет элдик маалымат каражаттары билдиргендей, салтанат "Дүйнөдөгү биринчи фитнес- той" деген аталышта уюштурулуп, келген конокторго салттуу таттуулар менен ичимдиктин оордуна протеин коктейлдери тартууланды.
Мындан тышкары, гул чамбар алмашуу салтында кадимки сахнада эмес, бокс рингинин ичинде өттү.