“3-октябрдагы митингде Камчыбек Ташиев бийликке сын айтып, "иштей албай жатат" дегенде кыжырым келди” дейт 15-февралда сотто күбө катары сурак берген Марипа Алымкулова. Айтымында, Камчыбек Ташиев митингде Ак үйдү көздөй жөнөгөндө артынан 30дай эле адам чогуу жөнөгөн. “Ташиев митингге катышкан 2 миңдей элдин баары мени колдойт деп ойлосо керек, бирок алардын көпчүлүгү мен сыяктуу эле митингди көрүүгө келген жарандар болчу”,- деди күбө. Айта кетсек, Алымкулова учурда “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун мүчөсү.