Жалал-Абад. Жалал-Абад шаарында SUPER.KG порталынын колдонуучулары жолугушуп, шаардыктарга майрамдык маанай тартуулашты

14-февраль күнү Жалал-Абад шаарында SUPER.KG порталынын колдонуучулары жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу майрамдык шаң менен өтүп, форумчулар, "Супер-Инфо" гезитинин аталган облустагы бөлүмүнүн кызматкерлери жана "тамашоучу" "Трио" командасынын жигиттери шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулашты. Шаардын Алтын-Ордо эс алуу борборундагы эс алуучуларга майрамдык белектер берилип, куудул жигиттер аларга боорду эзген тамашаларын тартуулашты. Соңунда форумчулар менен коноктор "Супер-Инфо" гезитинин гимнин ырдашып, майрамдык иш-чара көңүлдүү жыйынтыкталды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан