Биометрикалык маалыматтарды топтогон адамдардын суткалык эмгек акысын төлөө үчүн 9 миллион 194 миң сом бөлүнөт

Биометрикалык маалыматтарды топтогон адамдардын суткалык эмгек акысын төлөө үчүн мамлекеттен 9 миллион 194 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул тууралуу өкмөттүн токтому 27-мартта чыккан. Анда КРнын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоого тартылган адамдарга компенсацияларды төлөө үчүн акча бөлүп берүү боюнча Каржы министрлигине тапшырма берилген.

Буга чейин Аксы районунун тургуну биометрикалык маалыматтарды топтогон операторлор 6 айдан бери айлык алыша электигин SUPER.KG порталына билдирген эле.

Учурда өлкө боюнча 1787 оператор биометрикалык маалыматтарды топтоо менен алек болууда.

Токтом 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
konya
2015-04-09 19:17:16
Акчанын баарын асманга гана чачып атышыптыр эргулдар, чача берсенер бюджетинер озу эле толо берет
0
Akil8484
2015-04-10 10:13:22
konya, саламатсынбы? бул деген чачылган акча каражаты эмес болгону ошол жумушту турмуш журуно ашырып жаткан операторлорго болунгон акча буну эсептеп келгенде ар бир операторго 5144 сом 93 тыйындан гана берилет ошону да берсе эгерде кыптып сымтыса 3 000 сомдон берилиши мумкун бул деген ошол учурда иштеген операторлордун бир жумалык кана иштеген ишине татыйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан