Талас. Жол кырсыгы болуп, 2 адам көз жумду

13-февралда саат 02:00 чамасында Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Б.Тыналиев өзүнүн Ауди-100 унаасы менен Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда бара жатып кырсыкка учурады. Аталган унаа каршысында келе жаткан Кара-Буура районунун Бакыян айылынын тургуну Ч.Рамазановдун айдап бара жаткан Форт-Транзит үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан 2 айдоочу денесинен оор жаракат алса, 2 жүргүнчү каза тапкан. Учурда кырсыктын келип чыгышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан