Жогорку Кеңештин депутаттары 9-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку башчысы Дүйшөн Ирсалиевге бир катар суроолору бар экендигин айтышып, анын жалпы жыйынга келип, суроолорго жооп берүүсүн талап кылышкан. Жыйын учурунда төрага
Асылбек Жээнбеков Ирсалиев
кайда экени белгисиз болуп жатканын айтып, "телефон чалууларга жооп бербей жатат, таппай койдук" деди
. Жыйында премьер-министр
Жоомарт Оторбаев Ирсалиевге кылмыш иши козголушу керектигин
айтты.