19-февралда Талас облусунун Талас шаарында депутат Данияр Тербишалиевдин коомдук кабылдамаcы ачылат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. “Жогорку Кеңешинин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамдын 7-беренесине ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктарынын бири катары эл менен байланышуу, элдин кайрылууларын кароо болуп саналат. Буга ылайык, эл менен байланышты чыңдоо, алардын кызыкчылыктарын мыйзам чегинде коргоо максатында депутаттын коомдук кабылдамасы Талас шаарында саат 10:00дө ачылат. Коомдук кабылдама шаардагы Бердике баатыр көчөсү-194 дарегинде жайгашат.