Бүгүн, 9-апрелде Дене тарбия жана спорт агенттигинде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бир күндүк семинар болуп өттү. Аталган агенттиктен кабарлашкандай, иш-чара Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын демилгеси менен уюштурулду. Ага аталган агенттиктин жетекчилиги, борбордук аппараттын кызматкерлери жана агенттиктин алдындагы мекемелердин башчылары катышышты. Анда мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр жана анын чечүү жолдору тууралуу сөз болду.