Каныбек Иманалиев: "Кыргыз мамлекети Евробиримдиктин саясий колдоосуна үмүт артат"

"Европарламент менен кызматташуу - кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын башкы приоритеттеринин бири",- деп билдирди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев 9-апрелде Европа биримдиги–Кыргыз Республикасы парламенттик кызматташтык комитетинин жыйынында.

"Биз демократиялык өнүгүүдөгү парламенттик форманы курууда Евробиримдиктин саясий колдоосуна үмүт артабыз. Бүгүнкү жолугушуу ЕБ өкүлдөрүнүн парламенттик демократияны өнүктүрүүдө кыргыз өлкөсүндө жүргүзүлгөн демократиялык реформалар жана жетишилген ийгиликтер жөнүндө маалымат алуусуна, өлкөдөгү экономикалык өнүгүү, Кыргыз Республикасы жана жалпы эле Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоо жаатындагы көйгөйлөргө көңүл буруусуна өбөлгө түзүлдү",- деди Иманалиев.

Айта кетсек, 9-апрелде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы–Европа биримдиги парламенттик кызматташтык комитетинин 10-жыйыны өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан