Төрага Асылбек Жээнбеков 9-апрелде Бишкекте Ивета Григуле башында турган Европа парламентинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков Кыргыз Республикасы Европа биримдиги менен кызматташууга артыкчылыктуу маани берерин жана 1991-2013-жылдар аралыгында кыргыз мамлекетине түз колдоо катары 500дөн ашуун долбоорду каржылаган Евробиримдиктин колдоосун баалай тургандыгын баса белгиледи. “Кыргыз Республикасы парламенттик демократия жолун тандап алды. Жогорку Кеңеш - элдин кызыкчылыгын коргогон эң ачык мамлекеттик орган. Парламентаризм институттарын бекемдөө үчүн туруктуу парламенттик демократиясы болгон мамлекеттердин тажрыйбалары биз үчүн өтө маанилүү”,- деди Жээнбеков.
Андан сырткары Жээнбеков Бишкекте өткөн Европа биримдиги-Кыргыз Республикасы парламенттик кызматташтык комитетинин 10-отурумунун ишине оң баа берди. Ал Европарламенттин депутаттарынан Курманбек Бакиевдин кылмыштуу режими менен байланышкан адамдарды жоопко тартуу жана чыгарып берүү маселесин оң жагына чечип берүүнү, ошондой эле алар өлкөдөн чыгарып кеткен активдерди конфискациялоодо жана кайтарууда жардам берүүнү өтүндү.
Европарламенттин делегация башчысы Ивета Григуле Европа биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелер кыйла жанданып жаткандыгын баса белгиледи. “Биз бир өлкөдө – Советтер Союзунда жашаганбыз, ошондуктан Кыргыз Республикасы кыска мезгил аралыгында басып өткөн парламенттик демократия жолундагы кыйынчылыктарды жакшы билебиз. Кыргыз мамлекети беш жыл ичинде парламенттик демократияны өнүктүрүү жаатында чоң ийгиликтерге жете алды”,- деди Григуле.