Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын 10-апрелдеги жыйынында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциясына Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулду.
Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованын айтымында, аталган дирекцияда 223 миллион 343,8 миң сомго финансылык мыйзам бузуулар табылган. "Резервдик жана бюджеттик жоготуулар 31,5 миллион сомду түздү. Мындан тышкары 4,2 миллион сом максатсыз колдонулганы аныкталды",- деди Ибраимова.
Депутаттар дирекциянын айланасындагы маселе Жогорку Кеңеште бир канча жолу көтөрүлсө да, иш алдыга жүрбөй жатканын айтышты. "Бул жерде бардык кызыкдар күчтөр биригишип, атайын мөөнөттү созуп жатканы сезилип жатат. Булар кылмыштын эскирүү мөөнөтүнүн бүтүшүн күтүп жатышат. Мөөнөттүн жарымы өттү, дагы калган жарымынын бүтүшүн күтүп жатышабы? Ош дирекциясы боюнча маселеге чекит коюш үчүн президент Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алышы керек",- дешти депутаттар.