“Азыркы Конституция боюнча депутатты күнөөсү аныкталмайынча камакка алууга болбойт”. Бул тууралуу 15-февралда "Ата Журт" партиясынын 3 депутаты боюнча өтүп жаткан сотто кошумча күбө катары көрсөтмө берген Бекболсун Бөрүбашев билдирди. Анын айтымында, 3-октябрдагы митингде Камчыбек Ташиев Чынгызхан тууралуу сөздү мисал келтирүү үчүн гана сүйлөгөн. “Депутаттар күнөөсү аныкталмайынча камалбашы керек болчу. Мен ЖОЖдо окутуучу жана юридика илимдеринин докторумун. Бул мыйзамды азыр 3-4-курстун студенттери да билет”,- деди Бөрүбашев.