Москванын аймагында кыргыз мигранттары үчүн документтерди кабыл алуучу бөлүм ачылды

Орусиянын Москва шаарына жакын аймакта жайгашкан "Сахарово" миграциялык борборунда кыргыз мигранттары үчүн документтерди кабыл алуучу бирдиктүү бөлүм ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин жумушчу мигранттар уруксат берүүчү документтерди алууда кыйынчылыктарга кезигип келишкен. "Мындан улам Кыргыз Республикасынын жумушчулары кезекти көп күтпөсүн деген ой менен орус тарап аталган борбордун кызматкерлеринин иш тартибин өзгөртүү боюнча чечимге келди", - деп билдирет мекеме.

Мындан тышкары министрлик патент алууда күтүү мөөнөтүн кыскартыш үчүн Москва облусунун Красногорск районунда дагы бир борбор ачылганын баса белгиледи.

"9-майдан тарта кыргыз жарандарынын эмгегин документтештирүүнү Евразиялык экономикалык союздун бардык мүчө мамлекеттеринде (Беларусь, Орусия, Казакстан, Армения, Кыргыз Республикасы) алып салуу күтүлүүдө. Ошентип, кыргыз мигранттары үчүн патент алуу зарылчылыгы толугу менен жоюлат",- деп кошумчалашты министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
bossmos7
2015-04-10 18:44:46
Жакшы ! жанылык ! Ошондой болсун!
0
Battu
2015-04-10 18:58:00
Оозунар май! Ошондой эле болсун.
+1
aygerimka
2015-04-10 19:04:28
Жакшы жанылык. Бирок кандайдыр бир чектоо койсо керек. Андай болбосо мекенибизде адамдарыбыз азайып кетет го. Тааныштардан эмне жанылык деп сурасан майда Москвага барам дешет го кобчулугу.
+2
orhidea83
2015-04-10 19:28:20
Жакшы жанылык болсун болсун
+1
milan_92
2015-04-10 19:47:17
Ишениш жок
0
Qnet
2015-04-10 20:35:36
Майга бир ай калганда эмне кереги бар буларды ачып? Же патенттен башка дагы документациялар боюнча кайрылса болобу?
0
kama_future_millioner
2015-04-10 22:38:03
Жакшы жакшы
0
Lapushka15
2015-04-10 23:20:20
Жанылык
0
iliaz-91-91
2015-04-10 23:49:48
Кудай деп туралычы
0
Sharipa-asia
2015-04-11 00:14:52
Тезирэээээк келсе экен ошол кунду чыдамсыздык менен кутобуз
0
Karakoz90
2015-04-11 00:24:57
Башка олконун жарандары да кыргыз паспортун алып, Россияга жол алышат да эми. Кыргызстандын паспорт беруучулору жыргайт да жасалма паспорттарды шакылдатып беришип. Ошолорду тартипке салыш керек. Докумен даярдаган жерге барсан таджик, узбектер кыргызстандыкмын деп жайнап журушот. Бир ооз кыргыз тилин билбестен.
+4
kg.oruk-zar
2015-04-11 01:07:58
Karakoz90,
Туура айтасын кыргыз паспортун алган озбек тажиктер озу коп еле еми андан да кобойот екен да башка улутка кыргыз жараны деген паспорт берууну да жакшы караса боло еми
+3
Manasemetei
2015-04-11 04:16:12
kyrgyzdar biz jaka da kun 4ygat eken e
0
Biinura
2015-04-11 04:57:17
Урраааа!
0
alina79
2015-04-11 15:21:29
Мен форумга жооп жаза албайт экенмин,ошон учун "Стрелок" деген жарандын суроосуна жооп берип коёюн дедим.Сенин куйон гражданин Росии болсо жакшы экен а если балдарынар болсо тем более жакшы болот.Куйон кайсы жерде жашаса ошол жердин ФМСине барып арыз жазсын, менин аялым черный списокко тушуп калды деп.40-50кундо карашат.сен ага чейин эле озунду черный спсоктон текшерип тур,эгер жок болуп чыксан билет алып келе бер.Анан куйооно кат келет "чыгарылды"деп бутту.Мен экоону билем ушентип чыгышты.
0
alina79
2015-04-11 15:24:38
бири студент,экинчиси сага окшош куйоосу гражданин россии .так что смело действуйте.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан