2012-жылы ТИМдин чет өлкөдөгү консулдук кызматына күн сайын 100дөй кайрылуу болуп турган

2012-жылы КРнын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү консулдук кызматына күн сайын 100дөн ашуун жаран кайрылып турган. Алардын ичинен укук коргоо маселеси боюнча кайрылгандардын саны бир жылда 1920 болду. Бул тууралуу 15-февралда Бишкекте өткөн “Чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо” аттуу брифинг учурунда ТИМдин консулдук кызматынын департаментинин бөлүм башчысы Сулайман Пиримкулов билдирди. Ошондой эле учурда чет өлкөдө ар кандай кылмыштарга катыштыгы бар 2157 кыргызстандык жаран камакта отурганы айтылды. Камакта отургандардын көпчүлүгү баңгизат кылмышы менен эркинен ажыратылгандар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан