2015-жылдын 1-кварталында бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды кайтаруудан 807 миллион сом түштү

Республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан 2015-жылдын январь-март айларында бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды кайтаруу 807 миллион 53 миң сом суммасында камсыздалды. Муну 10-апрелде Каржы министрлигинен билдиришти. Мунун ичинде:

- негизги карыз – 437 миллион 25 миң сом;

- пайыздар жана айып пулдар – 370 миллион 27 миң сом.

"2015-жылга бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин карыздарын кайтаруудан 2 миллиард 369 миллион 21 миң сомду түзөрү болжолдонууда, мунун ичинде негизги карыз – 1 миллиард 374 миллион 20 миң сом, пайыздар жана айып пулдар – 995 миллион 10 миң сом",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан