КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Кытайдын кыргыз өлкөсүндөгү элчисинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Сунь Хэни кабыл алды. Аталган министрликтен кабарлашкандай, жолугушуунун максаты өлкөдөгү пахтаны Кытай Эл Республикасына түздөн-түз, чоң көлөмдө экспорттоо маселесин сүйлөшүү болду. Кызуу талкуудан соң Сунь Хэ кыргыз өлкөсү менен болгон кызматташтыкты бекемдеп, иш алып бара тургандыгы белгилеп өттү.