Күзүндөгү парламенттик шайлоодо жарандар алдын ала добуш бере алышпайт

Күзүндөгү парламенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү нормасы иштебейт, башкача айтканда, жарандар шайлоо күнүнөн мурун добуш бере алышпайт. Муну депутат Наталья Никитенко "Парламент" радиосунун 10-апрелдеги жыйынында билдирди. Депутат күзүндө өтчү шайлоодогу жаңылыктардын бири биометрикалык маалыматтардын колдонулушу болорун белгиледи. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары Дастан Догоев: “Учурда жалпы жарандардын 2,5 миллиону өздүк маалыматтарын тапшырышты. Бул 16 жаштан жогорку курактагылардын 70 пайызына барабар. Биометрикалык маалыматтарды топтоонун жалпы жыйынтыгы 2015-жылдын 31-августуна чейин чыгышы керек. Эгер ага жетише албай калгандар болсо, Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактардагы бөлүмдөрүнө кайрылышса болот”,- деп билдирди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан