Тышкы иштер министрлигинин өлкөнүн түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүн, 10-апрелде Орусиянын Ош шаарындагы башкы консулу Александр Кудряшов менен жолугушту. ТИМдин маалыматына таянсак, жолугушууда эки тараптуу аймактар аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан Орусиянын аймактарына айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо мүмкүнчүлүгү талкууланды. Жолугушуунун аягында тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын мындан ары да жандантуу зарылдыгын белгилешти.